Бишкектеги илимдер академиясында оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүүдө (видео)

Улуттук илимдер академиясынын имаратында капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө. Бул туурасында бүгүн, 30-июлда президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев социалдык баракчасында билдирди.

Маалымдалгандай, имаратта суу түтүгү, канализация, жылуулатуу маселеси чечилип, чатыр, фасад оңдолуп, терезелер калыбына келтирилип, лифттер алмаштырылып, мурда болбогон заманбап өрт өчүрүү жана муздатуу системалары орнотулууда.

“Учурда объекттин жарымынан көбүндө инженердик-коммуникациялык иштер ишке ашып, эшиктер, терезелер, паркеттер алмаштырылып, ички бөлмөлөр жана чатыр оңдолуп жатат. Улуттук илимдер академиясынын имаратынын капиталдык оңдоп-түзөө иштери 2023-жылы башталган. Азыр анын биринчи этабы аяктап жатат”, - деп билдирген ал.

Илимдер академиясы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан