Венесуэлада президенттик шайлоодон кийин нааразылык акциялары башталды (видео) 

Венесуэлада Николас Мадуро президенттик шайлоодо жеңишке жеткенден кийин нааразылык акциялары башталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Анда демонстранттар президенттин сүрөттөрүн талкалап, анын кызматтан кетишин талап кылып, Уго Чавестин эстеликтерин бузуп, жолду тосуп жатышат.

Көчөлөрдө оппозициячылар нааразылык жүрүштөрүн уюштуруп, айрым шаарларда шайлоо участкаларына кирип, көрнөк-жарнак илинүүчү тактайлардагы Мадуронун плакаттарын бузууга аракет кылышты. Борбор калаада миңдеген демонстранттар мотоцикл минип, жолдорду ээлешти.

Жергиликтүү агенттиктер Панамерикалык шоссе жолунун бир бөлүгүн жабуу жөнүндө жазышууда. Аталган жолдун жалпы узундугу 30 миң чакырымды түзөт.

Ошол эле учурда Венесуэла шайлоону тааныбаган Аргентина, Чили, Перу, Коста-Рика, Панама, Доминикан Республикасы жана Уругвайдагы дипломаттарын чакыртып алууда.

Венесуэлада президенттик шайлоодон кийин нааразылык акциялары болууда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан