Бүгүн, 30-июлда Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында Денис Петрашов 200 метр аралыкка брасс ыкмасы менен сууда сүзөт.
Жалпысынан 25 спортчу бул аралык боюнча жолдомо уткан. Алар алдын ала этапта төрт бөлүккө бөлүнүп, жарышышат. Денис Петрашов үчүнчү бөлүктөгүлөр менен жарышка түшөт.
Сууда сүзүүлөр болжол менен Бишкек убактысы боюнча саат 16:50дө башталат.
Белгилей кетсек, Денис Петрашов буга чейин 100 метр аралыкта жарышка түшкөн. Анда ал 100 метрди 1 мүнөт 42 миллисекундда сүзүп өтүп, 35 спортчунун ичинен 23-орунду ээлеген.