УКМК уюлдук телефондорду милдеттүү каттоонун мөөнөтү узартылганын билдирди

Уюлдук телефондорду ыктыярдуу каттоонун мөөнөтү 15-августка чейин узартылды. Бул тууралуу кечээ, 29-июлда УКМКдан маалымдады.

"Кабыл алынган өзгөртүүлөрдүн алкагында түзүлүштөрдү каттоо үчүн 600 сом өлчөмүндөгү милдеттүү төлөмдөрдү, анын ичинде кошумча нарк салыгын жана сатуудагы салыкты төлөө түздөн-түз мобилдик телефондордун сатуучуларына, импорттоочуларына жана ритейлерлерине жүктөлөт", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле милдеттүү каттоодон өтпөгөн уюлдук операторлордун абоненттери тармактан ажыратылбай турганы кошумчаланды.

Эске салсак, 25-июндан тарта өлкөдө уюлдук телефондорду милдеттүү түрдө каттоо башталган. Юстиция министрлиги мындай чара рынокту жасалма телефондордон коргоо, телефондордун уурдалышын жана телефон алдамчылыгын азайтуу максатында жүргүзүлүп жатканын билдирген. Жарандар 25-июндан тартып эки ай ичинде эки телефонго чейин акысыз каттай алышат.

Ал эми Мамлекеттик идентификация системасында катталбаган телефондор өлкөнүн бир да мобилдик операторунун байланыш кызматынан пайдалана албайт.

Чет өлкөдөн алынган чөнтөк телефондордун ээлери www.imei.kg. сайтында катташы керек. Уюлдук телефондун IMEI-коду катталганын *#06# санын терип билүүгө болот. Телефондун IMEI-коду анын кутусунда, корпусунда жана аккумулятордо көрсөтүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан