Париж шаарында өтүп жаткан Жайкы Олимпиада оюндарында сенсация жаратып, Олимпиада чемпиону болгон коңшу өзбекстандык Диёра Келдиёрова социалдык тармактагы баракчасы аркылуу өзбек элине кайрылуу жасады.
Эске сала кетсек, 1/8 финалда Келдиёрова легендарлуу япон дзюдочусу Ута Абени жеңип алган. Бул жеңиштен кийин Абэнин Instagram баракчасына көптөгөн өзбекстандык күйөрмандар жаман пикирлерди жазышкан.
Кайрылуусунда Келдиёрова өзбекстандыктардан Ута Абенин дарегине жаман сөз жазбоону суранды.
"Бүгүн мен атаандашым Ута Абэнин профилинде өзбекстандыктардын көптөгөн мазактаган билдирүүлөрү бар экени тууралуу маалымат алдым. Мен күйөрмандардан ал ким болбосун терең урматтоону суранам. Бул спорт, бул бизди бириктирген күч. Биз дзюдо үй-бүлөсүбүз, сураныч, токтотуңуздарчы!" - деп жазды Келдиёрова.