Бишкекте адам өлтүрүү фактысы боюнча оор кылмыштын бети ачылды

Бишкек шаарында Ленин райондук укук коргоо кызматкерлери тарабынан адам өлтүрүү фактысы боюнча оор кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу бүгүн Бишкек шаардык ИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

12-декабрь күнү Ленин райондук күзөт кызматына Жал кичи районундагы үйлөрдүн бириндеги батирде адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Укук коргоо кызматкерлери окуя болгон жерге барышканда каза болгон адам 1938-жылы туулган М.Т. экени аныкталган.

Ыкчам издөө иштеринен соң аталган кылмышка шектүү делип Ынтымак жаңы конушунан 1986-жылы туулган Т.Нургазы кармалды. Алдын ала жүргүзүлгөн иликтөө иштеринде кармалган жаран 8-декабрь күнү жабырлануучуну күч колдонуп, бычак менен сайып өлтүргөнү аныкталды. Ошондой эле Т.Нургазы жабырлануучунун үйүнөн телевизорун, буюмдарын жана 1500 сом акчасын уурдап кеткени анык болуп, Кылмыш кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери жүрүп, шектүү камакка алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан