Бишкектин Октябрь районунда 40ка жакын жарнама такталары алынды

Октябрь райондук администрациясынын кызматкерлери мэриянын Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы жана "Тазалык" ишканасы менен биргеликте Кулатов-Ибраимов көчөсүндө рейд өткөрүштү.

Бишкек шаардык мэриясы билдиргендей, рейддин жүрүшүндө имараттардын фасадына орнотулган 38 даана баннер, 2 мамы жана 2 тепкич аныкталып, демонтаждалды.

Аталган жарнама конструкциялары тиешелүү уруксат документтери жок орнотулуп, тышкы жарнама жайгаштыруу эрежелерин бузганы айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан