Чолпон-Атадагы ипподромдо дрифт уюштурган жигитке 15 миң сом айып салынды (видео)  

Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо дрифт уюштурган 19 жаштагы жигитке айып салынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 19 жаштагы К.Б. BMW M8 унаасы менен ипподромго кирип, автоээнбаштык уюштурган.

Милиция ага карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 189-беренесинин (Автоээнбаштык) негизинде протокол түзүп, 15 миң сом өлчөмүндө айып салды.

Ал эми унаасы Чолпон-Ата шаарындагы айып короого токтотулду.

Дрифт уюштурган жигитке айып салынды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан