Өзгөчө кырдаалдар министрлиги турак үйлөрдөгү өрт кырсыгынын бирден-бир себеби кондиционер экенин билдирди.
Министрлик кондиционерди колдонуунун бир катар эрежелери менен бөлүштү.
"Механизмдин ичинде өрт чыгышына жол бербөө үчүн абанын жакшы айлануусу маанилүү. Желдетүүчү түтүктөрдү тосууга болбойт. Кондиционер эч качан кездеме же башка күйүүчү материалдар менен жабылбашы керек. Суу, чаң ичине кирбеши үчүн эрежелерди так сактоого чакырабыз.
Тышкы блок ысык абаны бөлүп чыгарат, ошондуктан ага ар кандай нерселерди жабып кургатууга тыюу салынат.
Кондиционерди орнотууда бөлмөдөгү зымдар аппараттын кубаттуулугуна дал келиши абдан маанилүү. Аппараттын зымы буралып, өтө катуу абалда болбошу керек. Ал түздөн-түз розеткага туташтырылышы зарыл.
Кондиционердеги атайын фильтрди жок дегенде бир айда бир жолу тазалап туруу абзел", - деп жазылат анда.
Шайманды розеткадан сууруганга чейин башкаруу пультун колдонуу аркылуу иштешин токтотуу керек.
Көпчүлүк кондиционерлерди узак убакытка толук кубаттуулукта калтырууга болбойт.
"Ар бир 1,5-2 саат сайын тыныгуу талапка ылайык. Ошондой эле түнү бою күйгүзүү сунушталбайт жана аны эч качан иштетилген абалда калтырбаңыз", - деп айтылат анда.