Бишкектин Логвиненко көчөсүн бойлой Лев Толстой көчөсүнөн Т. Кулатов көчөсүнө чейинки жолдун эки тарабындагы тротуарды капиталдык оңдоо иштери башталды. Бул тууралуу бүгүн, 30-июлда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Мекемеден билдиргендей, ишти подрядчы "Ар Билдинг" ЖЧКсы жүргүзүүдө.
Ага ылайык, жумушчулар аталган көчөнүн эски асфальтын сыйрып, бордюр орнотуп жатышат. Ошол эле учурда тротуардын негизи да даярдалууда.