Бүгүн, 30-июлдан тарта Бишкек шаарындагы №34 муниципалдык автобустун акыркы аялдамасы өзгөрдү.
Мэриядан билдиргендей, Жеңиш жаңы конушу жана “Бишкек автобекети” боюнча каттаган автобустун “Бишкек автобекетиндеги” акыркы аялдамасы “Ак-Жол” чек ара өткөрүү пунктуна чейин узартылды.
Бул өзгөртүү шаардыктардын жана Ленин айыл өкмөтүнүн тургундарынын кайрылуусунун негизинде ишке ашты.
"Муниципалдык автобуста жүрүүдө шаар ичиндеги тариф накталай 20 сомду, накталай эмес 17 сомду түзөт. Ал эми жергиликтүү кеңештин чечимине ылайык, Чүй облусунун аймагында жүрүүдө кошумча 10 сом төлөнөт", - деп айтылат анда.