Париж Олимпиадасында чоң көйгөй жаралып, мелдеш башка күнгө жылдырылды

Париждеги Олимпиада оюндарында триатлон боюнча мелдештер башка күнгө жылдырылды. Мындай маалымат Эл аралык триатлон биримдигинин расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, Эл аралык Олимпиада комитети, Оюндарды уюштуруу комитети, Эл аралык триатлон союзу медициналык делегаттар менен биргеликте Сена дарыясынан суунун үлгүсүн алышкан.

"Бүгүн Сенадан алынган суунун сапаты начар жыйынтык көрсөттү, бул сапат жетиштүү кепилдик бербейт. Биздин артыкчылык спортчуларыбыздын ден соолугу экенин дагы бир жолу кайталайбыз", - деп айтылат билдирүүдө.

Эркектер арасындагы триатлон 30-июлга белгиленген. Мелдеш эми 31-июлда өтөт.

Аялдардын триатлон боюнча мелдеши дагы 30-июлдан 31-июлга жылдырылды.

Эске сала кетсек, буга чейин триатлончулар үчүн сууда сүзүү машыгуулары эки жолу токтотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан