Григорий Лепс 2006-жылкы сүйүктүүсү менен Түркияда эс алып жүргөн сүрөтүн жарыялады

Орусиялык белгилүү ырчы Григорий Лепс быйыл эле мектепти бүткөн 18 жаштагы Аврора Киба аттуу сүйүктүүсү менен Түркияда эс алып жаткан сүрөтүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу бөлүштү.

"Баары жакшы, эс алып жатабыз! Сиздерге дагы ошону каалайбыз!” - деп жазган ырчы сүрөттүн алдына.

Лепс жана анын сүйлөшкөн кызы Аврора Киба биринчи жолу Санкт-Петербургдагы Эл аралык экономикалык форумда эл алдына чыгышкан. Кийинчерээк кыз социалдык тармактарга ырчы белек кылган бриллиант шакектин сүрөтүн жарыялаган.

Аврора Кибанын ата-энеси кызынын 62 жаштагы ырчы менен болгон мамилеси тууралуу комментарий беришкен эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан