Чүй жана Талас дарыяларын колдонуу боюнча Казак-Кыргыз комиссиялары жолукту

Бүгүн, 30-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Чүй жана Талас дарыяларындагы мамлекеттер аралык суу чарба объектилерин пайдалануу боюнча Кыргызстан менен Казакстандын комиссиясынын 34-жыйыны болуп өттү. Бул туурасында айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалымдалгандай, кыргыз делегациясын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары, Суу ресурстары кызматынын директору Алмазбек Сокеев жетектеди, ал эми Казакстандын делегациясын Суу ресурстары жана ирригация вице-министри Нурлан Алдамжаров башкарды.

“Чүй жана Талас дарыяларындагы мамлекеттер аралык объектилерден суу алуу графиктеринин аткарылышы, анын көлөмү, биргелешкен каржылоосу, макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча маселелер талкууланды. Ошондой эле Чумыш гидротехникалык түйүнүн башкаруу жана пайдалануу режими жөнүндө эки тараптуу документти иштеп чыгуу да каралды”, - деп айтылат маалыматта.

Иш-чаранын жыйынтыгында комиссиянын 34-отурумунун протоколуна кол коюлду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан