Оштогу курулушу башталган жаңы базарга соодагерлер акысыз жайгаштырылат (видео)

Ош шаарында селден жабыркаган борбордук базардын соодагерлерин жана анын айланасындагы соода түйүндөрүнүн ээлерин жаңы курулуп жаткан муниципалдык базарларга жайгаштыруу акысыз жүргүзүлөт. Бул туурасында шаардык мэриянын экономика бөлүмүнүн адиси Эрлан Атабаев билдирди.

Анын айтымында, борбордук базарды башка жакка жылдыруу шаардын өнүктүрүү программасында буга чейин пландалган.

“Кызыл-Кыштак айыл аймагы Ош шаарынын карамагына өткөн соң ал жердеги муниципалдык жерге базар куруу мүмкүнчүлүгү ачылды. Сел каптаган кырсыктан соң көчүрүү иштерин ылдамдатуу каралган. Жабыркаган соодагерлер биринчи жайгаштырылат. Ал үчүн атайын комиссия түзүлөт жана соодагерлердин өкүлдөрү да ага мүчө боло алат. Жайгаштыруу иштери акысыз жүргүзүлөт”, - деп белгилеген ал.

Ош шаарындагы жаңы базардагы орундуктарга соодагерлер акысыз жайгаштырылат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан