Өлкөдө 637 айыл гана таза суу менен камсыз болгон

Кыргызстанда 1906 айыл болсо, анын 637си гана таза суу менен камсыз болгон. Калган 1269 айылга ичүүчү сууну жакынкы келечекте киргизүү керек. Бул туурасында бүгүн, 30-июлда Айыл чарба министрлигиндеги жыйында маалым болду.

Учурда республика боюнча 260 айылга таза суу киргизүү программасы иштелип жатканы маалымдалды. Анын алкагында:

Жалал-Абад облусу – 24 айыл, 6 шаар;

Баткен облусу – 72 айыл, 6 шаар;

Ош облусу – 42 айыл, 4 шаар;

Талас облусу – 17 айыл, 1 шаар;

Чүй облусу – 42 айыл, 5 шаар;

Ысык-Көл облусу – 20 айыл, 3 шаар;

Нарын облусу – 43 айыл, 1 шаар.

Андан сырткары, жер алдындагы сууларды пайдалануу боюнча 2024-2030-жылдары скважиналар боюнча программа ишке ашырылат. Бул багытта скважиналарды инвентаризациялоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт. Анын алкагында 1155 скважинада оңдоо иштери каралып, ага 3,6 миллиард сом каражат сарпталууга тийиш.

"Бул иштерди тездетип, айыл тургундарын таза суу менен камсыз кылууну кечеңдетпөө зарыл" деди суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев. Ал Суу ресурстары кызматынын ишмердүүлүгү талкууланган бул жыйында тиешелүү жетекчилерге ушул багытта бир катар маанилүү протоколдук тапшырмаларды берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан