Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Иран межлисинин төрагасы Мохаммад-Багер Галибаф менен жолукту. Бул тууралуу бүгүн, 30-июлда Министрлер кабинетинен билдиришти.
Маалымдалгандай, Төрөбаев июль айындагы президенттик шайлоонун жана 1-марттагы парламенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшүнө байланыштуу Садыр Жапаровдун жана Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин атынан куттуктоо сөздөрүн жолдоду.
Анда Бакыт Төрөбаев Кыргызстан менен Ирандын мыйзам чыгаруу иши парламенттик деңгээлдеги кызматташтыкты кеңейтүүгө негиз болорун белгиледи.
Мындан тышкары ал маектешинин көңүлүн, эки өлкөнүн парламент башчыларынын катышуусунда өз ара иш сапарларды уюштуруу, парламенттер аралык достук топторунун сапарлары эки өлкөнүн мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүнүн механизмдерин өркүндөтүү боюнча көп жылдык тажрыйба алмашууга мүмкүндүк берерин айтты.
Ал эми Иран парламентинин төрагасы Мохаммад-Багер Галибаф парламенттер аралык кызматташтык эки өлкөнүн достугун гана бекемдебестен, жарандардын бакубаттуулугуна оң таасирин тийгизерин белгиледи.
Жолугушуунун соңунда Бакыт Төрөбаев эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн бардык багыттары боюнча пайдалуу кызматташтыктын уланышына ишенимин билдирди.