Эмгек мигранттарынын балдарын аныктоо жана үй-бүлөлүк зомбулуктун, балдарга карата зомбулуктун алдын алуу үчүн жарым жылда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 296 миң 866дан ашык үймө-үй кыдыруу иштерин жүргүздү. Бул тууралуу министр Жылдыз Полотова маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, 86 428 бала мигранттардын туугандары менен калганы аныкталган. Алардын дээрлик 85 пайызы (72 966) ата-энеси өлкөдөн чыгып кеткен, калгандары ички мигранттардын балдары. Бардык балдар министрликтин көзөмөлүндө.
"Ошондой эле 3,5 миңден ашуун бала үй-бүлөлүк оор турмуштук кырдаалда калган, алардын 54,4 пайызы оор кырдаалдан чыгарылганы аныкталды. 10 бала Орусиядан алынып келинген. Алар мамлекеттин камкордугуна алынып, учурда туугандарына өткөрүп берүү иштери жүрүп жатат", - деп билдирди министр.