Байсалов бийлик жумуш берүүчүлөр жакын арада айлыкты көтөрөт деп күтүп жатканын айтты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов бийлик кичи жана орто бизнестеги абийирдүү иш берүүчүлөр жакын арада кызматкерлердин маянасын 10 пайыздан кем эмес көтөрөт деп күтүп жатканын билдирди.
Ал өз сөзүндө президент Садыр Жапаров "Салык салуу жана социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койгонун эске салды.
Кабыл алынган мыйзам биринчи кезекте иш берүүчүлөр үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө жүгүн кыскартууга багытталган. Иш берүүчү мурда 17,25 пайыз камсыздандыруу төгүмдөрүн өз каражатынан төлөсө, эми 2,25 пайыз төлөйт. Мындан сырткары кызматкер өзү дагы 10 пайыз төлөйт (бул ставка өзгөртүүсүз калтырылды).
"Жеке сектордун көпчүлүк бөлүгү үчүн Социалдык фондго төлөмдөр 15 пайызга кыскарганын эске салгым келет. Бул кичи жана орто бизнестеги ак ниет иш берүүчүлөргө жакынкы келечекте кызматкерлер үчүн эмгек акыны 10 пайыздан кем эмес жогорулатууга мүмкүндүк берет деп күтөбүз", - деди Байсалов.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан