"Казыбек казалчы" китеби түрк тилинде жарык көрдү

Анкаранын BENGÜ басмасы тарабынан “Казыбек казалчы” китеби түрк тилинде чыгарылды. Бул тууралуу ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы, жазуучу Султан Раев билдирди.

Анын айтымында, аталган китепти Токтобек Асаналиев түзгөн, түрк тилине Мээрим Сайдилкан жана анын котормочулар тобу которгон.

"Кумдан алтын күкүм жыйнагандай Казыбек казалчынын мурасын жыйнап, опол тоодой иш кылган, эң оболу кыргызча чыгарып элге жайылткан Токтобек Асаналиевге алкыштар болсун!

“BENGÜ” басмасына, Евразия жазуучулар союзуна жана Якуп мырзага ыраазычылык билдиребиз", - деди Раев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан