Олимп оюндарында алтын медалдын болжолдуу баасы даниялык "Saxo Group" компаниясынын эсептөөлөрү боюнча 1 миң долларга жакын. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышууда.
Париж Олимпиадасында биринчи жана экинчи орунга ээ болгон спортчуларга бериле турган медалдардын баасы 2021-жылы Токиодо өткө оюндарга салыштырмалуу кымбаттады.
Баалардын эң көрүнүктүү өсүшү алтын медалдар үчүн байкалган. Токиодогу оюндарда 763 доллар турган алтын медаль Парижде 935 долларга бааланды. Күмүштүн баасы дагы 415 доллардан 473кө көтөрүлгөн. Ал эми коло 4,1 доллардан 3,9 долларга чейин арзандады.
Компания алтын жана күмүш сыйлыктарынын наркынын өсүшүн металлдарга болгон суроо-талаптын өсүшү менен түшүндүрдү.
Айта кетсек, 27-июлда 10 метр аралыкка пневматикалык мылтык атуу боюнча мелдеште медалдардын биринчи топтому тапшырылган.