Кыргызстанда акыркы 9 жылда 2,1 миллиард сомдук алтын куймалары сатылган

Өлкөдө 2015-жылдын 7-майынан тартып быйылкы жылдын 29-июлуна карата Улуттук банк аффинаждалган өлчөнгөн алтын куймаларды 2,1 миллиард сомго саткан. Бул туурасында бүгүн, 30-июлда мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, өлчөнгөн алтын куймалардын бардык түрүнө туруктуу суроо-талап бар.

“9 жыл аралыгында көлөмү 486,1 килограммдагы, 21 728 даана алтын сатылган. Үстүбүздөгү жылдын жети айында 21,6 килограмм салмактагы 2053 даана алтын 144,5 миллион сомго кеткен”, - деп белгиленген маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан