"Аарынын чаккан изи табылган эмес". Италияда аарылардын үйүрү кол салган турист каза болду

Италиянын Кротоне шаарында Украинадан келген турист аарылардын тобуна кол салгандан кийин каза болду. Бирок маркумдун денесинен бир дагы аарылардын чаккан изи табылган эмес. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Daily Express басылмасынын маалыматына караганда, аарылар 47 жаштагы туристке пляжда кол салышкан. Ал аарылардын тобунан качуу үчүн өзүн сууга таштаган.

Алгач куткаруучулар өлүмдүн себеби аарылардын көп чакканынан улам болгон анафилактикалык шок деп чечишкен. Бирок кийинчерээк маркумдун денесининен аарынын бир дагы чаккан изи табылган эмес.

Натыйжада, куткаруучулар адамдын өлүмү жүрөк оорусунан же катуу коркуудан улам келип чыгышы мүмкүн деген тыянакка келишкен.

Окуядан кийин шаар бийлиги жээктин трагедия болгон бөлүгүн жапкан. Аймакты изилдеп чыккандан кийин пляждын жанындагы бадалдардан аарынын жана кумдан курт-кумурскалардын уяларын табышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан