Индиянын Керала штатындагы жер көчкүдөн 40тан ашуун адам каза болгонун жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Окуя штаттын түндүк-чыгышындагы Ваянад районунун адырлуу аймактарында болгон. Натыйжада 41 адам каза болуп, дагы ондогон адамдар жарадар болгон.
Asianet агенттиги жер көчкү болгон жерде аскер кызматкерлери, куткаруучулар жана аба күчтөрүнүн тик учактары иштеп жатканын белгилейт. Ошондой эле маалыматта каза болгондордун жана жабыркагандардын саны көбөйүшү мүмкүн экендиги кошумчаланды.
Мамлекеттик саламаттыкты сактоо министри Вена Жорждун айтымында, кырсык болгон жердеги көпүрө талкалангандыктан адистердин окуя болгон жерге жетүүсү кыйынга турат. Жакынкы убакта өзгөчө кырдаал болгон жерге деңиз күчтөрүнүн тобу жөнөтүлөт.