Париж Олимпиадасында алтын медаль тагынган казакстандык дзюдочу Елдос Сметов күйөрманына телевизор белек кылды. Бул тууралуу видеону Олимпиада чемпиону социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
Сметовдун Олимпиададагы жеңишинен кийин балбандын бул күйөрманы финалда мекендешинин ар бир ийгиликтүү аракетине комментарий берип, кызуу колдоо көрсөткөн видео интернетке тараган.
Комментарийлерде катталуучулар аны чыныгы күйөрман деп атап, мындай колдоо менен казак спортчулары өлкөгө дагы көптөгөн жеңиштерди алып келерин белгилешкен.
"Туугандарыбызды биз дагы дайыма колдойлу", - деп жазды Сметов.