Палестинанын ХАМАС кыймылынын саясий бюросунун төрагасы Исмаил Хания өлтүрүлдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, бүгүн, 31-июлда Исмаил Хания жана анын жансакчыларынын бири Тегерандагы резиденцияга болгон аткылоодон улам каза болушкан.
ХАМАС кыймылы расмий билдирүү таратып, Исмаил Ханиянын өлүмү үчүн Израилди айыптады. Ошондой эле Ханияга болгон чабуул Ирандын жаңы президентинин ант берүү аземине катышкандан кийин болгонун маалымдады.