Коңшу тажикстандык дзюдочу Сомон Махмадбеков Париж шаарында өтүп жаткан Жайкы Олимпиада оюндарында коло байге утту.
Ал 81 килограммга чейинки салмакта катышкан. 3-орун үчүн болгон күрөштө италиялык Антонио Эспозитону утуп, коло байгеге ээ болду.
Бул Тажикстандын 2016-жылдан берки Олимпиада оюндарындагы биринчи медалы.
Бул салмак категорияда алтынды япониялык Таканори Нагасе утса, күмүш байгеге грузиялык дүйнөнүн үч жолку чемпиону Тато Григалашвили ээ болду.