Кечее, 30-июль күнү Бишкектеги "Ала-Арча" резиденциясында Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев баштаган куткаруучулар Сауд Арабиянын Жарандык коргонуу кызматынын башчысы Хаммуд Сулейман Альфарадж баштаган делегация менен жолугушту.
Министрликтен билдиргендей, жолугушуунун алкагында эки тараптын “Жол картасы” түзүлдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө төмөнкүдөй багыттар боюнча кызматташуу маселелери талкууланды:
- кыргызстандык куткаруучулар, өрт өчүрүүчүлөр жана суучулдарды Сауд Арабиянын окуу борборлорунда окутуу;
- үзгүлтүксүз негизде ӨКМдин жана Сауд Арабиянын Жарандык коргонуу кызматынын адистеринин тажрыйба алмашуусу;
- эки тараптын куткаруу жана өрткө каршы бөлүмдөрүнүн биргелешкен машыгууларын жана окууларын өткөрүү;
- спутниктик сүрөттөрдү алмашуу, масштабдуу өзгөчө кырдаалдар боюнча статистикалык маалыматтарды берүүдө заманбап маалыматтык технологияларды биргелешип колдонуу;
- өзгөчө кырдаалдардын коркунучу же келип чыгышы жөнүндө калкка маалымдоо жаатында тажрыйба алмашуу;
- Сауд Арабиянын куткаруучулар жана суучулдарынын өлкөдө уюштурулган альпинизм жана суучулдарды даярдоо курстарына катышуусу.