Өлкөдө чогултулуп жаткан Meken брендиндеги ноутбуктар 35 миң сомдон сатылат. Бул тууралуу "Кыргыз электрониканын" төрагасы Илья Черный Economist.kg басылмасына курган маегинде билдирди.
Анын айтымында, ири буйрутма бергендер үчүн 5 миң сомго чейин арзандатуулар болот. Ошондой эле ал Билим берүү министрлиги үчүн баа кыйла арзан болорун белгиледи.
"Азырынча экспортко суроо-талап жок. Биз алгач өлкө рыногуна иштейбиз. Эгерде суроо-талап болсо, албетте, экспорттойбуз", - деген ишкана жетекчиси.
Мындан тышкары Илья Черный Meken деген аталыш жарандардын патриоттук сезимин ойготуу максатында коюлганын кошумчалады.
Ноутбуктар 12-муундагы Intel Core i5 процессору, 8 ГБ оперативдик эс-тутум, 256 ГБ катуу диск, 14-дюймдук экран жана көлөмү 5000 мАс батарея менен жабдылган.
Эске салсак, буга чейин "Кыргыз индустрия" ачык акционердик коомунун алдындагы "Кыргыз электроника" ишканасы ноутбуктарды чогулта баштаганы белгилүү болгон.