Президенттин администрациясынын коллегиясы башталды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жетекчилиги алдында "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президенттин администрациясынын коллегиясынын отуруму башталды.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, коллегиянын күн тартибине нотариустардын иши, жөлөк пулдун даректүүлүгү, Жогорку Кеңеште мыйзам долбоорлорунун каралышы, маданият үйлөрү менен китепканалардын иштери жана мамлекеттик кызматкерлердин аткарган кызматынын жыйынтыктары сыяктуу бир катар маселелер киргизилген.

Ошондой эле Акылбек Жапаров акыркы жылдары мамлекеттин социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрү тууралуу баяндама жасайт. Коллегиянын жыйынтыгы менен каралган маселелер боюнча тийиштүү чечимдер кабыл алынат.

Отурумга президенттин администрациясы, министрлер, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, мамлекеттик мекемелердин жетекчилери, акимдер жана мэрлер катышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан