Мындан ары вебкам-студиясын уюштургандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат

Өлкө башчы Садыр Жапаров вебкам ишмердигин уюштургандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн тийиштүү мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзамга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 31-июлда президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Ага ылайык, Кылмыш-жаза кодексине жана Укук бузуулар жөнүндө кодексине ɵзгɵртүүлɵр кирет. Тагыраагы, Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) “Атайын аянтчаны (веб-камера студиясын) пайдалануу менен интернетте онлайн сойкулукту жана бузукулукту уюштуруу жана жайылтуу” деген пункт менен толукталат.

Анда вебкам бизнеси менен алектенгендерди 1 жылдан 3 жылга чейин эркинен ажыратуу, же 100 миң сомдон 200 миң сомго чейин айып пул салуу каралган. Мындай жосунду адамдар тобу уюштурса, мүлкүн конфискациялоо менен 300 миң сомго чейин айып салынат, же 5 жылга чейин кесилет. Уюшкан кылмыштуу топ уюштурса, мүлкүн конфискациялоо менен 7 жылга чейин соттолот. Ал эми вебкам кыздарга 10 миң сом айып пул салынышы мүмкүн.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 26-июнда кабыл алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан