Париж-2024: Допинг кызматкерлери таңкы 4тө спортчунун бөлмөсүнө кирип барышты

Париж шаарында өтүп жаткан Жайкы Олимпиада оюндарында кайык спорту боюнча Швейцария курама командасынын мүчөсү Селия Дюпре Instagram баракчасы аркылуу аны допинг текшерген кызматкерлер таңкы саат 4тө ойготконун айтып, нааразы болду.

Селия өзүнүн социалдык түйүндөрүндө допинг көзөмөлдөө кызматкерлери спортчуну эртең менен эрте ойготуп, алдыдагы жарышка 12 саат калганда тыюу салынган заттардын бар-жогун текшерүү үчүн кан үлгүсүн алганын айтты.

Буга чейин допинг текшерүүдө тыюу салынган заттарды колдонгон спортчулар аныкталган. Алар: нигериялык мушкер Синтия Темитайо Огунсемилоре, ирактык дзюдочу Саджад Сехен жана Доминикан Республикасынын волейбол боюнча аялдар курамасынын оюнчусу Лисвелл Эве.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан