“Экономиканын өсүү темпи 9,9 пайызды түзгөн”. Акылбек Жапаров министрлерге жыйын өттү

Бүгүн, 31-июлда парезиденттик администрациянын коллегиялык жыйыны өтүп, анда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров акыркы үч жылда жана ушул жылдын жарым жылдыгында өлкөдө аткарылып жаткан айрым иштер боюнча кыскача маалымат берди. Бул туурасында өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, ал өлкөдөгү азыркы абал экономиканын өнүгүшү үчүн ыңгайлуу жагдайды түзүп турганын айтып, ушул мүмкүнчүлүктү толук пайдаланып калуу зарылдыгын белгиледи.

“Эл аралык республикалык институттун баасы боюнча, Кыргызстан уникалдуу жыйынтыктарды көрсөтүүдө, тактап айтканда, мамлекеттик бийликтин жүргүзгөн ишинин курсуна 82 пайыз колдоо көрсөтүлүүдө. Кыргызстандын экономикалык өсүшү туруктуу өнүгүүнү көрсөтүүдө – ИДПнын орточо өсүү темпи 2023-жылы – 7 пайыз болсо, Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 2024-жылдын биринчи жарым жылы 8,1 пайыз өсүү менен аяктады жана жалпы суммасы 559 миллиард сомду түздү”, - деди Акылбек Жапаров.

Мининстрлер кабинетинин төрагасы Кумтөрдү эске албаганда улуттук экономиканын өсүү темпи 9,9 пайызды түзгөнүн кошумчалады.

“Мурунку жылдары экономиканын өсүшү Кумтөргө байланыштуу болчу. Бирок азыркы учурда Кумтөрсүз эле экономикада өсүүлөр катталды. Муну тарыхый көрүнүш деп эсептесек болот. 2023-жылы тарыхый чектен өттүк – өлкөнүн ИДПсы 1 триллион 229 миллиард сомду (13 миллиард 981 миллион АКШ долларын) түздү, бул мурдагы жылдарга караганда бир топ жогорку көрсөткүч. Тең салмактуу акча-кредит саясатынын аркасында инфляция 2024-жылдын январь-июнь айларында республика боюнча керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүү темпи 2,4 пайызды түздү”, - деп билдирди төрага.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан