Бишкек мэриясынын кызматкери жасалама номер менен унаа башкарып жүргөнүн прездент Садыр Жапаровдун кеңешчиси Болот Ибрагимов билдирип, видео менен бөлүштү.
Видеодо көрүнүп тургандай, патрулдук милиция кызматкери LiXiang L9 үлгүсүндөгү унаанын жанына келип, эмне үчүн унаанын номери 01KG 593 AHP экендигин сураган. Ал мындай номерлүү унааны башкаруу үчүн милиция кызматкери болушу керектигин түшүндүргөн.
Ал эми айдоочу Ички иштер министрлигинин пенсионери экенин айтып, күбөлүгүн көрсөткөн. Ошондой эле ал учурда мэрияда иштерин, унаа мэрге тиешелүү экендигин айткан.
Андан соң ИИМдин жана Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери чакырылган. Көп өтпөй мэриянын аппарат жетекчиси Канат Сагынбаев да чыгып, унаа токтотуучу жайга келген.
Жыйынтыгында унаанын жасалма номери алынып, өзүнүн мамлекеттик номери тагылган.