Сентябрь айынын аягынан тарта "Манас" эл аралык аэропорту канадалык компаниядан сатып алган жаңы учактар ички каттамдарга чыга баштайт. Бул тууралуу аэропорттун директору Манасбек Самидинов 31-июлда маалымат жыйында билдирди.
Ал белгилегендей, аба каттамдар үзгүлтүксүз болуп, билеттер арзандайт.
"Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, мамлекеттик "Асман эйрлайнс" компаниясы түзүлгөн. Бул компания аркылуу билеттерди арзаныраак кылып, элге жеткиликтүү кылганга шарт түзөбүз. Азыркы баалардан биздики кымбат болбойт. Бирок учактар каттамга чыгары менен баа дароо арзандайт деп айта албайбыз. Анткени жаңы учактар буга чейин Кыргызстанда учкан эмес, андыктан аны башкарган командирлер башка өлкөлөрдөн тартылат. Азыр экинчи пилотторду окутуп, даярдап жатабыз. Эл аралык авиацияда кызматка тартылган командирлердин маянасы чоң болот. Ошондуктан башында билеттер салыштырмалуу кымбат болушу мүмкүн, бара-бара өзүбүздүн пилоттор иштей баштаганда билеттер арзандайт”, - деди Самидинов.