Кыргызстанда акыркы үч жылда бюджеттеги каражаттар 2 эсе көбөйдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 31-июлда президенттин администрациясынын коллегиясында билдирди.
Анын айтымында, 2020-жылы өлкөнүн консолидацияланган бюджети 247,7 миллиард сомду түзсө, 2023-жылы бюджеттин ресурстары 577,2 миллиард сомго жетти.
“Фискалдык саясатта заман талабына жооп берген технологиялар киргизилип жатат. Салык төлөөчүлөр да буга ыраазы. Отчёт берем деп кезекте отурбастан өтө тездик менен отчёт тапшырып, керектүү документтерин алып жатышат. ККМди колдонуу жаатында да олуттуу прогресс байкалды, бүгүнкү күндө алардын саны 100 миңден ашык аппаратты түздү жана акыркы үч жылда 6 эсеге көбөйдү. Мындан ары да бул саясатты улантабыз”, - деди өкмөт башчы.
Ошондой эле ал ички жана тышкы инвестицияларды алдыга жылдыруу күчөтүлөрүн белгилеп, өнөр жай секторун өнүктүрүү негизги приоритет экенине токтолду.
“Учурда жаңы ишканаларды активдүү ачып жатабыз. Кара-Кыргыз автономдуу облусунун 100 жылдыгына карата 100дөн кем эмес жаңы ишкана ачылат дегенбиз. 2024-жылдын башынан бери 29 ишкана ишке киргизилди. Ири долбоорлор ишке ашырылууда, "Камбар-Ата-1" ГЭСинин жана Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу. Эми ушул темптен жазбастан алга барыш үчүн бизге кесипкөйлүк, ишке чыгармачыл мамиле жана темирдей тартип зарыл”, - деди Жапаров.
Мындан сырткары ал жакында туризмди өнүктүрүүнүн жаңы барактары ачыларын кошумчалады. Анда 3 ири инфраструктуралык туристтик долбоор ишке ашырылат, алар “Кыргыз Куршевели”, “Байтик резорт” жана “Чаткал резорт”.
“Азыр өлкө “Кыргыз Куршевелин” курууга киришти. Француз компаниясы S3V – дүйнөгө белгилүү Куршевель курортунун алгачкы операторлорунун бири, Кыргызстанда “Үч чоку” тоо лыжа кластерин ишке ашыруу менен алектенүүдө. Анда 200 чакырым тоо лыжа жолу түшөт. Курорт жыл бою иштеп, жылына 850 миңге чейин туристти кабыл ала алат. Бул Борбор Азиядагы эң чоң курорт болот. Ошондой эле “Байтик резорт” кластерин түзүү боюнча иштер жүрүп жатат. Өзбекстан менен биргеликте “Чаткал резорт” тоо лыжа кластерин ачуу маселеси каралууда”, - деди Жапаров.