Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Париждеги Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине небересинин өтүнүчү боюнча барбаганын айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Неберем мага, "чоң ата, ал жакка барбашың керек" деди. Себебин сурасам ал жакта ЛГБТ пропагандасы болорун айтты", - деди ал.
Эрдоган небереси ага социалдык тармактардан тиешелүү видеону көрсөткөнүн, андыктан салтанатка "барбайм" деп сөз бергенин билдирди. Ошондой эле түрк лидери ачылыш аземге Франция өлкөсүнүн башчысы Эммануэль Макрон чакырганын белгилеген.
Мындан тышкары Эрдогон андагы көрүнүштү христиандар менен мусулмандарды сыйлабастык деп атап, керек болсо бул боюнча Рим папасына даттанарын айтты.
Буга чейин салтанаттагы көрүнүштү АКШнын мурдагы президентти Дональд Трамп "уят" деп атаган.
Париждеги XXXIII жайкы Олимпиаданын ачылышында "Жашыруун кече" картинасына жасалган пародия көптөгөн сындарды жаратууда.