Париж-2024: Эрлан Шеров экинчи атаандашына жеңилип калды

Бүгүн, 31-июлда Париж шаарында өтүп жаткан Жайкы Олимпиада оюндарында дзюдо боюнча мелдештер уланууда.

Бүгүн татамиге кыргызстандык Эрлан Шеров дагы чыкты. Ал алгачкы жүрүшүн 1/16 финалда баштаган. Анда кыргыз балбаны Панамерика чемпиону болгон кубалык Иван Фелипе Силва Моралес менен кез келип, аны жеңип, 1/8 финалга чыккан.

1/8 финалда Эрлан Шеров түбү грузиялык, бирок Испаниянын атынан чыгып жаткан Тристани Мосахлишвили менен кез келди.

Шеров беттеш учурунда атаандашына ыкма жасайм деп жатып, өзү далы менен жерге таза басылды. Жыйынтыгында атаандашы иппон менен жеңишке жетти.

Муну менен Кыргызстандын дзюдо боюнча курамасы Париж Олимпиадасындагы жүрүшүн жыйынтыктады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан