Улуттук бирдиктүү тестирлөөдөн 1 балл алган казакстандык Түркиянын 10 университетине жолдомо алды

Улуттук бирдиктүү тестирлөөдөн 1 балл алган Эрасыл Улиев Түркиянын 10 университетинен окууга чакыруу алды. Бул тууралуу казак басылмалары жазышууда.

Ал төмөнкү сунуштардын ичинен тандоо жасады:

  • Özyeğin университети: жасалма интеллект;
  • OSTİM: авиация жана космостук технологиялар;
  • Final университети: тиш доктур;
  • Antalya Bilim университети: архитектура;
  • World Peace университети: программалоо;
  • Doğuş университети: Ооюн дизайны;
  • KOSTU: программалоо;
  • Beykent университети: актёрдук чеберчилик.

Анда абитуриент Özyeğin университетинде жасалма интеллект жана Анталия университетинде дизайн боюнча билим алууну пландады.

Эске салсак, буга чейин Эрасыл Уалиев эки жолу - 12-июнда жана 30-июнда Алматыда тестирлөөдөн өткөн. Ал сынакка биринчи киргенде 93 балл алса, экинчисинде 1 балл алып чыккан. Ал абитуриенттерге муну менен жашоо бүтүп калбай турганын айткысы келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан