Париж шаарында өтүп жаткан XXXIII Жайкы Олимпиада оюндарында Кытай, Франция жана Япония курамалары алдыңкы үчтүккө чыкты.
Бүгүн, 1-август Бишкек убактысы боюнча саат 09:30га карата Кытай 9 алтын, 7 күмүш жана 3 коло медалы менен биринчи орунда. Экинчи орунга үй ээлери болгон Франция 8 алтын, 10 күмүш, 8 коло медалы менен жайгашса, Япония 8 алтын, 3 күмүш жана 4 колосу менен үчүнчү орунга жайгашты.
Париж Олимпиадасы 26-июлда башталган жана 11-августка чейин уланат.
Олимпиадага Кыргызстандын атынан 16 спортчу катышууда.