Жатак-абактан качып кеткен “смотрящий” кармалды

КРнын ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыктын (УККБ) кызматчылары жатак-абактан качып кеткен Бакыш Сакеевди кармады. Бул тууралуу 25-декабрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 49 жаштагы Бакыш Сакеев Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү. Буга чейин бир нече жолу соттолгон жана “смотрящий” статусуна ээ. Анын жатак-абактан качып кетүү фактысы жаза өтөөчү жайларды текшерип жаткан кезде аныкталды. Качуу фактысы боюнча ИИМдин УККБсы материалдарды чогултту жана аларды түзөтүү абактагы мыйзамды көзөмөлдөөчү прокурорго тапшырды. Материалдардын негизинде прокуратура “Эркиндиктен ажыратуучу жайдан же камактан качуу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

Жакынкы күндөрдө ыкчам-издѳѳ иштеринин негизинде Бакыш Сакеевдин турган жери аныкталып, кармалды. Учурда ал ШИИБдин түзѳтүү-тарбиялоо абагына камалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Jiide.8792
2013-12-26 14:07:34
Акчадан берип эле чыгып кирип журуп анан ишеничке кирип калгандагы дагы чыгып келейн деп акчадан калониянын башчысына кыстарганда ууктаткан ошобойдон какчыпкетти деп канттип айтып атат качырып ийдик дебейби жалганды азырак айтсанар
+5
nadyrbek
2013-12-26 14:23:08
Озу турмо болсо турмодон кантип качып кетет анда баары эле качып кетишпейби! Атайын качырган акча алып анан анан болбой калып кел эми кирип отуруп тур ананырак качасын деди да
+5
aza9191
2013-12-26 22:37:13
Камактан эми чыкпаса керек
0
aziz2000
2013-12-31 14:34:12
еми озулорун камашабы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан