Бүгүн, 1-августта Астананын администрациялык райондор аралык соту шоумен Нуртас Адамбайга карата ишти карап жатат. Бул туурасында казак басылмалары жазышууда.
Маалымдалгандай, актёр Казакстандын диний ишмердүүлүк жана диний бирикмелер жөнүндөгү мыйзамдарын бузган деп айыпталууда. Тактап айтканда, айып диний имараттарды курууда, имараттарды диний максатка ылайыкташтырып алып баруудагы талаптарды бузууга байланыштуу экендиги айтылган.
Мындай мыйзам бузуулар үчүн жеке жактарга 185 миң теңге, ал эми юридикалык жактарга 738 миң теңге өлчөмүндө айып пул каралган.