Биз социалдык тармакта

Айбек Молдогазиев АКШнын элчиси Лесли Вигери менен жолугушту

Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта ТИМден билдиришти.

Маалым болгондой, тараптар Сириядан Кыргызстандын жарандарын – аялдарды жана балдарды репатриациялоо ийгиликтүү аяктагандыгы үчүн, ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Коргоо министрлигинин муктаждыктарына көрсөтүлгөн гуманитардык жардам үчүн америкалык тарапка ыраазычылык билдирилди.

"Ошондой эле тараптар эки тараптуу соода-экономикалык байланыштарды, ошондой эле “С5+1” регионалдык диалогдук платформасынын алкагында кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүнү улантууну макулдашты", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан