Венесуэланын президенти Илон Маскты аренада мушташууга чакырды

Венесуэланын президенти Николас Мадуро америкалык ишкер Илон Маскты Каракаска чакырып, күч сынашууну сунуштады. Ал беттешти «Полиедро» аренасында өткөрүүнү пландады. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.

Буга чейин SpaceX жана Tesla компанияларынын негиздөөчүсү Венесуэланын лидерин шайлоону бурмалаган деп айыптап, аны "диктатор" деп атаган. Жооп катары Мадуро Маскты "Венесуэладагы тынчтыктын душманы" экенин айтып, аны аренада күч сынашууга чакырды.

Миллиардер Илон Маск чакырууну кабыл алды. Ал шарт коюп, эгерде жеңсе Мадуро өз кызматынан кете турганын, жеңилсе аны Марска акысыз учура тургандыгын билдирген.

Өз кезинде Венесуэланын президенти ишкердин шарттарына көнүп, жеңип алса Марска ишкер менен бирге барууну сунуштады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан