"Нааразы болгондор көп". Мирбек Атабеков жаңы чыккан ыры боюнча билдирүү жасады

Ырчы Мирбек Атабеков жаңы чыгарган "Эркелечи, my baby" аттуу ырына нааразы болгондор бар экенин айтып, үч тилдеги ырды биринчи жолу ырдаганын билдирди.

Бул тууралуу ырчы социалдык тармактагы баракчасына бөлүштү.

"Жаңы ырыбыз Ютубга чыкты. Андагы пикирлерди окуп жатам. Арасында нааразы болгондор да көп. "Үч тилди эмнеге аралаштырдың, таза кыргызча ырдабайсыңбы" деп көнө албагандар болууда. Бирок ага карабастан көрүү көп болуп жатат, демек, жактыргандар да бар. Орусча, кыргызча, англисче кылып үч тилде биринчи жолу ырдап жатам. Бул жаңы багыт.

"Анча болбой калыптыр" деп көнбөгөндөн улам айтышыңар мүмкүн. Ырды 10 жолудан ашык уккандан кийин жактырып, сонун ыр экен деп түшүнүп, жакшы көрүп калышыңар мүмкүн. Шашпай тургула. Өзүмдө да ушундай көп болот. Жактырган ырчыларымдын жаңы ырларын алгач түшүнбөй, көп жолу уга берип, кийин ырды сүйүп калам", - деди Атабеков.

Видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан