Грузиялык 24 жаштагы дзюдочу экинчи Олимпиада алтынын жеңип алды

Грузиялык дзюдочу Лаша Бекаури япониялык спортчу Санширо Мураону жеңгенинин аркасында эки жолку Олимпиада чемпиону аталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

24 жаштагы грузин спортчусу 90 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашып, Грузиянын делегациясына Париждеги Олимпиаданын алгачкы алтынын алып келди.

Алтынга жетүү жолунда Бекаури Болгариянын, Түштүк Кореянын жана Испаниянын спортчуларын - Ивайло Ивановду, Хан Джу Йепти жана Тристан (Тато) Мосахлишвилини утуп алды.

Бул грузиялык дзюдочу үчүн Олимпиаданын экинчи алтын медалы. 2021-жылы Бекаури Токио Олимпиадасында турнирдин жеңүүчүсү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан