Жалал-Абадда сел каналы тазаланды

Жалал-Абад шаардык мэриясынын коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаменти тарабынан Манас көчөсүндөгү сел каналынын 1 чакырымы тазаланды. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлады.
"Каналдагы таштандылар шаар көркүн гана бузбастан, жаан-чачында көпүрөлөрдүн астына толуп, мындан улам сел каптоо коркунучу жаралат. Жергиликтүү бийлик шаар тургундарын жана конокторун айлана-чөйрөнү таза сактоого, арыктарга жана каналдарга таштанды таштабоого чакырат", - деп жазылат анда.
Ошондой эле аталган департамент тарабынан сел каналдары жыл сайын тазаланып турары айтылат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан