Америкалык таксист унаасында унутулуп калган 300 миң долларды ээсине кайтарып берди. Бул тууралуу дүйнөлүк басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, такси айдоочу Жерардо Гамбоа ири акчаны көргөндө дароо эле өзү иштеген жайдын диспетчерине табылга жөнүндө жарыялады. Ошентип, ал иштеген "Yellow Checker Star" компаниясы чындык үчүн ага сыйлык катары миң доллар берди жана кымбат ресторандардын биринде эки адамга тамактанууну төлөп берди. Ал эми унутчаак жүргүнчү таксистке жеке өз атынан сыйлык берүүгѳ сөз берди.