Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров республиканын өкмөтүнүн жыйынын өткөрүп, анда ал кызынын хиджабын чечүүнү талап кылгандардын баарын өлтүрүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Анын айтымында, Чеченстан аялдардын бетин жапкан паранжа кийүүгө каршы, бирок хиджабга каршы эмес.
"Ким менин кызыма хиджабын чеч деп айтса, мен аны дароо өлтүрөм. Ким болсо да аны ошол заматта атып салам. Ал менин жеке душманым жана исламдын душманы болот", - деп кошумчалады ал.