Акылбек Жапаров: Бүгүнкү күндө экономикалык дипломатия - учурдун талабы

Бүгүнкү күндө экономикалык дипломатия - учурдун талабы. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча коллегиясынын жүрүшүндө өкмөт башчы Акылбек Жапаров билдирди.

Министрлер кабинетинен билдиргендей, жолугушууда мамлекет башчынын жана Министрлер кабинетинин жетекчилигинин иш сапарларынын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү, ошондой эле Кыргызстандын чет өлкөлүк мекемелери тарабынан отчёттук мезгилде аткарылган иштер каралды.

Акылбек Жапаров инвестицияларды, жаңы технологияларды, билимдерди жана инновациялык чечимдерди тартуу боюнча иштерди активдештирүү, ошондой эле кыргыз продукциясын экспорттоо боюнча иштерди күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Ал белгилегендей, ТИМ ири масштабдуу инфраструктуралык долбоорлорду, энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагындагы долбоорлорду, ири соода-логистикалык комплекстерди, өндүрүш борборлорун куруу долбоорлорун, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана сактоо, Бишкек жана Ош шаарларындагы эл аралык аэропортторду модернизациялоону ишке ашыруу үчүн каржылоону табууга аракетин жумшоо зарыл.

Коллегиялык жыйындын соңунда Жапаров Тышкы иштер министрлигинин жана чет элдик ведомстволордун жетекчиликтерине бир катар тапшырмаларды берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан